Бишкектин Октябрь райондук соту саясатчылар Азимбек Бекназаровдун, Ахматбек Келдибековдун жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин экс-президент Алмазбек Атамбаевге жана «Апрель» телеканалына каршы доо арызын кароону улантат.
Азимбек Бекназаровдун «Азаттык» радиосуна билдиргени боюнча, бүгүн тараптар жарыш сөзгө чыгат.
26-февралдагы соттук териштирүүдө сот «Апрель» телеканалынын адвокаттары доогерлердин «ар-намысына шек келтирди» деген сөздөргө лингвистикалык экспертиза жүргүзүү тууралуу өтүнүчүн четке каккан.
Саясатчылар Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана «Апрель» телеканалын былтыр жыл аягында сотко беришкен. Алар «экс-президент телеканалга курган маегинде ар-намысыбызга шек келтирди» деп, жалпысынан 18 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүп жатышат. (КЕ)