Мектептин аянтына Нурлан Мотуев орноткон тандыр алынып салынды

Нурлан Мотуевдин тандыры менен павильонун бузуу учуру. Бишкек, Кыргызстан.

Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери №11 мектептин короосуна саясатчы Нурлан Мотуев орнотуп алган павильонду жана тандырды бузуп, алып салышты. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, объектилер 27-февраль түнү орнотулган. Эртеси күнү мектептин жетекчилиги мэрияга даттанган. Факт боюнча акт түзүлүп, конструкция уруксат документтери жок коюлганы жана алынышы керек экендиги такталган.

Мотуев болсо «Фейсбуктагы» баракчасына пост жазып, анда павильонду сатып алуу тууралуу келишим бар экенин жазды. Ал мэрияны «арам деп эсептелген арак-шарапты сатууга уруксат берет да, адал тандыр нанын, самсыларды сатууга уруксат бербейт» деп айыптады.

2017-жылы августта Бишкектин Свердлов райондук соту Нурлан Мотуевди жети жылга эркинен ажыраткан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага «Терроризмге ачык чакыруу, терроризмди актоо» жана «Улут, дин жана аймак аралык кастыкты козутуу» беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

2018-жылдын ноябрь айында Мотуев күчөтүлгөн режимдеги №27 абактан №32 жатак абакка которулган. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы ал жатак абакта турууга милдеттүү эмес экенин, шаарда ээн-эркин жүрүүгө укуктуу экенин билдирүүдө. (ErN)