Индия жана Пакистан аскерлеринин ок атышуусу уланууда

Пакистандын аба күчтөрү атып түшүргөн учактын калдыгы, Кашмир, 27-февраль 2019-жыл.

Кашмир аймагындагы атышуудан Индияда 2-мартта негизинен мусулмандар жашаган аймакта энеси менен эки баласы өлгөнү кабарланды.

Индиялык полициячы алар Пакистан тараптан атылган артиллериялык октон улам набыт болушту деп билдирди. Аскерлер Индия Пакистанга жооп иретинде ок чыгарганын маалымдашты.

2-мартта Пакистан өкмөтүнүн расмий өкүлү Умар Азам Индиянын артиллериясы чектеш аймактарды тынымсыз аткылап жатканын маалымдап, мындан бир бала каза таап, үч адам жараат алганын кабарлады. Ал дагы Пакистан Индиянын аткылоосуна жооп кылып жатканын кошумчалады.


1-март күнү Пакистан армиясы 27-февралда туткунга алган индиялык учкучту Делиге кайтарган. Исламабад муну “тынчтык ишарасы” деп жарыялаган.

Атомдук куралга ээ болгон эки өлкөнүн мамилелери өткөн айда талаштуу Кашмир штатындагы кол салуу индиялык 40тан ашуун полциячынын өмүрүн алып кеткенден кийин курчуп кеткен.

Жардыруу үчүн жоопкерчиликти Пакистанда жайгашкан “Жаиш-и Мухаммад” тобу өзүнө алган.