Челябинскиде үч бала өрттө каза болду

Астананын Сарыарка районунда өрттөнгөн үй.

Кырсык 3-марттын таңында болду. Облустун Нововарламово поселогунда жер үйдө чыккан өрттөн андагы эки, төрт жана алты жаштагы үч бала каза тапкан. Такталган маалыматтар боюнча, өрт балдардын ата-энеси жумушка кеткен учурда чыккан.

Учурда өрттүн себептери аныкталууда.

Өткөн айда Казакстандын борбору Астанага жакын Сарыарка районунда  жер үйдөн чыккан өрттөн ата-энеси жумушта болгон учурда беш бир тууган кыз каза тапкан.

Кыргызстанда кош бойлуу энеси бейтапканага кеткенде жалгыз калган үч бала да өрттөн чыккан иске ууланып, ооруканага түшкөн.