Аба ырайы: жамгыр жаайт

Иллюстрациялык сүрөт.

5-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, күндүз кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт, туман түшөт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Тоолуу аймактарда жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -2...+3, күндүз 3...8,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0...5, күндүз 6...11,

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн -1...-6, күндүз 3...8,

Нарын жергесинде түнкүсүн -11...-16, күндүз -1...+4,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17...-22, күндүз -1...-6 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 5…7 градус болот.