Бишкек мэриясы «Аялдардын тилектештик шаарчасы» маршын өткөрүүгө уруксат берди

Бишкектеги жүрүш. 8-март, 2018-жыл.

Акциянын уюштуруучулары, «Бишкек феминисттик демилгелери» бирикмеси «Фейсбуктагы» баракчасына жазганына караганда, Бишкек мэриясы 6-мартта мурунку чечимин жокко чыгарып, марш өткөрүүгө уруксат берилгени тууралуу маалымдаган. Шаар мэриясы өз катында 8-март күнү Уркуя Салиеванын эстелигинен борбордук аянтка жүрүүчү марштын уюштуруучуларынан жана катышуучуларынан мыйзамды жана талаптарды сактап, иш-чараны тынч өткөрүүнү өтүнгөн.

Маалыматта айтылгандай, 8-мартта борбордук жана эски аянтта өткөрүлө турган майрамдык иш-чаралар башка жакка жылдырылган.

«Аялдардын тилектештик шаарчасы» маршынын уюштуруучулары 6-мартта түшкө чейин мэрия 8-марттагы жүрүшкө уруксат бербей койгонун маалымдаган. Тыюу салууга шаардын борбордук бөлүгүндө «Эл аралык аялдар күнүнүн урматына иш-чаралар» пландалганы себеп болгону көрсөтүлгөн эле. Мэриянын бул тыюусу жарандык коом өкүлдөрүнүн нааразылыгын жараткан.

«Бишкек феминисттик демилгелери» бирикмеси 8-март күнү Бишкекте «Аялдардын тилектештик шаарчасы» маршын уюштурарын кабарлаган. Акциянын катышуучулары «Россия» кинотеатрынын жанында чогулуп, андан борбордук аянт аркылуу Уркуя Салиеванын эстелигине чейин жөө жүрүш жасашмакчы. (ZKo)