Тимошенко Порошенкону талапкерлигин алып салууга чакырды

«Батькивщина» партиясынын лидери Юлия Тимошенко, 26-февраль, 2019-жыл.

Украинада президенттикке талапкер, «Батькивщина» партиясынын лидери Юлия Тимошенко президент Петро Порошенкону өлкөнүн коргонуу тармагындагы коррупцияга байланыштуу иликтөөдөн улам шайлоодон талапкерлигин алып салууга чакырды. Тимошенко бул тууралуу дүйшөмбүдө Жогорку Рададагы жыйында билдирди. 

Тимошенко ошондой эле анын партиясы парламентте тергөө комиссиясын түзүүнү талап кылганын, бирок ал үчүн тиешелүү буйрук чыкпаганын кошумчалады. 

Парламентте коргонуу тармагындагы уурдоолорго байланыштуу ишти иликтөөнү «Петро Порошенконун блогунун» мүчөсү төрагалык кылган комиссияга өткөрүп беришти. 

Мурдарак президент Порошенко укук коргоо органдары 10 кылмыш ишин ачып, ишке тиешеси барлардын үй-жайын тинткенин билдирген. 

Дүйшөмбүдө Порошенко Жогорку Раданын атайын комиссиясы «коргонуу тармагын уурдоого жана ишенимден чыккандарга» байланыштуу ишке «тиешелүү баасын берет» деп ишенип турганын айтты. 

Эки апта мурда Bihus.Info сайты Порошенконун жакын санаалашы, Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Олег Гладковскийдин уулу Игорь аскердик техниканын тетиктерин Орусиядан мыйзамсыз ташыганы тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда Игорь Гладковский 2015-жылы, Москва Крымды аннексиялагандан бир жыл өткөн соң Орусиядан аскердик техниканын тетиктерин мыйзамсыз ташууну уюштурганы айтылат. Мындан тышкары мамлекеттик коргоо объектилери Игорь Гладковскийге жана анын шериктерине таандык менчик компаниялардан аткезчилик менен келген тетиктерди өтө кымбат баада сатып алганы белгиленген.