Нуржигит Кадырбеков маданият министринин орун басары болду

Нуржигит Кадырбековду Маданият министрлигинин жамааты менен тааныштыруу учуру. 12-март, 2019-жыл.

Нуржигит Кадырбеков маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Мунун алдында өкмөттүн башка буйругу менен маданият министринин орун басарлык кызматынан Айнура Султанбаева бошотулган.

Кадырбеков 12-мартта жамаатка тааныштырылды. Ал буга чейин президенттин алдындагы «Ыйман» фондун жетектечү. (ErN)