Ошто тоют чыгаруучу ишкана ачылды

Оштогу жаңы ачылган ишкана чыгарып жаткан жем.

Ош шаарына караштуу Кеңеш айылында «Оазис-Агро» жоопкерчилиги чектелген коомунун базасында тоют бүртүкчөлөрүн чыгаруучу ишкана ачылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы кабарлады.

12-мартта ишкананын ачылыш аземине шаардын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, завод ачууга көмөктөшкөн АКШнын USAID уюмунун өкүлдөрү, айыл чарба тармагында эмгектенген адистер жана шаар тургундары катышты.

Заводдо жылкы, бодо мал, кой-эчки жана тоок үчүн 30-40 тонна минералдык тоют бүртүкчөлөрү өндүрүлөт. Чийки заттар жергиликтүү калктан алынып, минерал кошулмалары Орусиядан жана Европа өлкөлөрүнөн ташылат. 

Ишкана заманбап жабдуу менен камсыз болду. Анда кеминде 50 адам эмгектенет. (ErN)