Улуу Ата Мекендик согуштун дагы бир ардагери көз жумду

Гаваз Мингараев. Сүрөт өкмөттүн басма сөз кызматынан алынды.

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун дагы бир ардагери акыркы сапарга узатылды. Жалал-Абадда согуштун жана ИИМдин ардагери Гаваз Мингараев 95 жаш курагында көз жумду.

Маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чарасына шаардын мэри Мураталы Тагаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Мингараев 1924-жылы Татарстанда туулган. Согуштан кийин Кыргызстанга келип, Жалал-Абад шаарында жашап калган. Ал Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгын жетектеген. Үч кыз, эки уулу Орусияда жашайт.

Шаарда согуштун беш жана ооруктун төрт ардагери калды.

1941-1945-жылдары фашисттик Германияга каршы согушка Кыргызстандан 365 миң адам катышкан, алардын 100 миңи согуш майданында каза болгон.

Былтыркы маалыматка караганда, Кыргызстанда 400дүн тегерегинде гана ардагер калды. (RsK)