«Boeing» учактарына системанын бузулганын билдирген жабдык орнотот

«Боинг 737 MAX 8» үлгүсүндөгү учак.

MCAS деп аталган жабдык «Боингдин» «737 Мах 8» үлгүсүндөгү бардык учактарына милдеттүү түрдө коюлат.

Адистердин баасы боюнча, бул үлгүдөгү учактардын билдиргичтеринин бузулганы Индонезияда жана Эфиопияда кырсыкташына себеп болгон.

Мурда мындай добулбастар учакты сатып алуучулардын каалоосу боюнча, кошумча акчага орнотулуп берилчү.

«Boeing» келерки дүйшөмбүгө чейин «737 Max 8» үлгүсүндөгү учактарын программалык жактан жаңылоого ниетттенүүдө. Ал эми Жарандык авиация боюнча федералдык башкармалык учакты жаңыдан сапат сертификациясынан өткөрүүнү жана апрель-май айларында учкучтарды кайрадан окутуп чыгууну көздөп жатат.

Ал арада АКШнын Юстиция министрлигинин прокурорлору Федералдык башкармалык «Boeing-737 Max 8» лайнери боюнча берген сертификацияларды иликтей баштаганын CNN жазып чыкты.

АКШнын сенаты «Boeing» компаниясынын жана федералдык башкармалыктын өкүлдөрүн угууга даяр экени айтылды.

«Boeing-737 Max 8» үлгүсүндөгү учактардын коопсуздугу тууралуу маселе мындай үлгүдөгү учактар беш айга жетпеген убакытта эки жолу кырсыктаган соң көтөрүлдү.

Былтыр октябрдын аягында Индонезиянын «Lion Air» компаниясына таандык «Boeing-737 Max 8» учагы Жакартанын аэропортунан учуп чыккандан кийин Яван деңизине кулаган. Учактагы 189 кишинин эч кимиси тирүү калган эмес.

Ушул эле үлгүдөгү «Ethiopian Airlines» компаниясына таандык учак 10-мартта кырсыктап, андагы 157 киши набыт болгон.