Путинди сындаган активист кое берилди
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
29-март түнү Биринчи май райондук сотунда орус президенти Владимир Путинге каршы пикетке чыккан Нурлан Карымшаков жана анын жубайы Гүлзана Имаеванын бөгөт чарасы жабык каралды. Сот аларды тергөө аяктаганга чейин өлкө аймагынан чыкпоо шарты менен үйүнө коё берди. Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келерден бир күн мурун жарандык активист жубайы менен бирге Бишкектеги орус элчилигинин астына пикетке чыгышкан. Алар «Путин - агрессор, канкор» жана «Ысык-Көлдө Путиндин торпедаларына жол жок» деген жазуусу бар плакаттарды кармап турганда милиция кармап кеткен.