Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз борбору кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек - Автожол» өткөрмө бекетинде Казакстанга өтүүгө аракет кылган автоунаалардын саны 140тан ашканын билдирди.
Мекеме бул жагдайды Казакстан Республикасына кирүүдө оор жүк ташуучу транспорттор катуу текшерилип жаткандыгы менен түшүндүрүүдө. Ар бир автоунааны текшерүү убактысы узаргандыктан кезек да созулуп жатат.
Мамлекеттик чек ара кызматы ырастагандай, казак тарап бир саатта 4-5 жүк ташуучу автотранспортун өткөрүүдө. Буга улай мекеме кыргыз тарапта көзөмөл кылууда эч кандай чектөө жоктугун кабарлайт.
Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы башка өткөрмө пункттарында автоунаа каражаттарынын жана жарандардын топтолушу, узун кезеги байкалган жок. (ErN)