Бишкек-Ош жолу 29-март түнү убактылуу жабылат

Суусамыр.

Аба ырайы кескин өзгөрүп, кар көчкү түшүү коркунучу пайда болгондугуна байланыштуу, Бишкек-Ош автоунаа жолу 29-март күнү саат 22:00дөн 30-марттагы саат 10:00гө чейин жабылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жол «Сосновка», «Арал» постторунан жана Өтмөк ашуусунан тосулат.

Министрлик айдоочуларга убактылуу жолго чыкпай туруу зарыл экенин эскертет. Мекеме өзгөчө кырдаалдар болсо 112 кызматына кайрылууга чакырат. (ErN)