Германиянын полициясы өлкөнүн батышынан террористтик чабуул жасоого шектүү 10 кишини кармаганын жарыялады.
30-мартта Дюссельдорф шаарынын прокуратурасынын басма сөз кызматы бийлик кармалгандардын «Ислам мамлекети» террордук тобуна байланышы бар-жогун иликтеп жатканын билдирди.
Дюссельдорфтун прокуратурасы шектүүлөр акыркы эки күндө Эссен, Дюссельдорф, Вупперталь, Мёнхенгладбах, Дуйсбург жана Ульм шаарларынан колго түшкөнүн кабарлады.
Германиянын «DPA» маалымат агенттиги кармалгандардын бири Тажикстандын жараны экенин, калганынын тек-жайы тууралуу маалымат жок экенин жазды.