Бишкекте украиналыктар президенттик шайлоого добуш берип жатышат

Украинанын Кыргызстандагы элчилиги. 31-март, 2019-жыл.

Кыргызстанда жашаган украиналыктар өз өлкөсүндө өтүп жаткан президенттик шайлоого добуш берип жатышат.

Добуш берүү бекети Украинанын Кыргызстандагы элчилигинде ачылган. Шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, алгачкы шайлоочулар эртең менен саат 8:00дө келип жарандык милдетин аткарып кетишти.

Саат 11:00гө карата элчиликтин бардык кызматкерлери, анын ичинде Украинанын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Валерий Жовтенко да добуш берди.

Бүгүн, 31-мартта Украинада президенттик шайлоо өтүп жатат. Жарышка 39 талапкер катышууда. Шайлоодо үч адамдын шансы жогору бааланууда. Алар: азыркы президент Петро Порошенко, куудул Владимир Зеленский жана мурдагы өкмөт башчы Юлия Тимошенко.