Зеленский менен Порошенко экинчи айлампага чыкканы калды

Володимир Зеленский.

Украинадагы президенттик шайлоодо куудул Владимир Зеленский менен учурдагы президент Петро Порошенко шайлоонун экинчи айлампасына чыкканы калды.

31-мартта өткөн шайлоонун добуштары толук саналып бүтпөсө да, добуштардын 50 пайызын эсептеп бүтүп калган Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы Владимир Зеленский добуштардын 30,2 пайызын алып, алдыга озуп чыкканын жар салды. Зеленский эми экинчи келаткан, өлкөнүн учурдагы президенти Петро Порошенко менен шайлоонун экинчи айлампасына чыга турган болду.

«Евромайдандан» бери экинчи жолу өтүп жаткан президенттик шайлоого рекорддук сандагы талапкерлер же 39 киши ат салышты.

Шайлоонун расмий жыйынтыгы 10-апрелге чейин жарыяланышы керек. Топтогон добуштары боюнча биринчи жана экинчи орун алган талапкерлер 21-апрелде экинчи турга катышат. Анын жыйынтыгы 1-майга чейин белгилүү болот. Украинада президент беш жылга шайланат.