Гүлбара Калиева: журналист интервью алгандыгы үчүн жоопко тартылбаш керек

Гүлбара Калиева журналисттер менен.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева ММКлардын жетекчилери менен жолугушуп жатып, журналисттер интервью алгандыгы үчүн жоопко тартылбашы керек деген оюн билдирди.

- Мен юрист катары жеке оюмда, журналист интервью алып жатканда, айрыкча түз эфирде, берки киши эмне деп жооп берерин билбейт. Журналист болгону микрофон сунуп турат. Ошондуктан журналистти жалган маалымат тараткандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу туура эмес деп ойлойм. Бирок канча юрист болсо, ошончо пикир болот. Биз бул маселени да талкууга чыгарабыз, - деди Гүлбара Калиева.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев бир катар ММКларды жалган маалымат таратып, анын абройуна шек келтирди деген жүйө менен сотко берип келген. Анда сот журналисттерге бир нече миллион сомдук айыппул төлөөгө милдеттендирген. (KR)