Асылбек Жээнбеков КСДПдан чыкканын жарыялады (видео)

Асылбек Жээнбеков.

Асылбек Жээнбеков Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) катарынан чыкты. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында расмий билдирди.

Жээнбеков аталган партияда «бир адамдын диктатурасы орноп калды» деп, «Кыргызстандагы алдыңкы партиялардын бири, өзүм жан-дилим менен аралашып, калыптандырган уюмдун учурдагы абалы жүрөгүмдү оорутуп, зээнимди кейитип турат. КСДПнын тегерегинде жүрүп жаткан окуялар мамлекеттин жаркын келечегине кедергисин тийгизбеши абзел» деген оюн кошумчалады.

КСДП азырынча бул боюнча комментарий бере элек.

Асылбек Жээнбеков 2007-жылдан бери КСДПнын өкүлү катары парламент депутаты. Эки жолу төрагасы болгон. Ал партиядан чыкканы менен депутаттык ишмердүүлүгүн уланта берерин айтты.

КСДПны Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев жетектейт. (RK)