Орусия 37 жыл мурда жоголгон израилдик жоокердин сөөгүн кайтарууда

Биньямин Нетаньяху жана Владимир Путин. Кремль, 4-апрель, 2019-жыл.

Орусия 37 жыл мурда дайынсыз жоголгон жоокердин сөөгүн Израилге өткөрүп берүүдө. Сержант Захария Баумелдин сөөгүнүн калдыктарын Сириядагы орус аскерлери табышкан. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин 4-апрелде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолукканда билдирди.

Нетаньяху ыраазычылык билдирип, эки жыл мурда израилдик жоокерлердин сөөгүн табышууга кол кабыш сураганын эске алды.

Ал эми Израилдин Коргонуу армиясы Баумелдин сөөгү мекенине эки күн мурун El Al компаниясынын учагы менен жеткирилгенин маалымдады. Израил менен Ливандын жана Сириянын ортосунда авиакаттам жок. Армия учак кайдан, кантип келгенин тактаган жок.

Захария Баумел Израилдин бронетанкалык аскер бөлүгүндө кызмат өтөп, экипаждын командири болгон. 1982-жылдын 11-июнунда Ливандын түштүгүндөгү салгылаш учурунда эки фронттошу менен кошо жоголгон. Берки экөөнүн тагдыры эмгиче белгисиз.