КСДПнын курултайы жабык өтүп жатат

«Форум» имаратынын алдында тургандар. 6-апрель, 2019-жыл.

Алмазбек Атамбаев баштаган КСДПнын курултайы жабык өтүп жатат. Курултайды чагылдырууга барган «Апрель» телеканалынын кабарчыларынан башка журналисттер иш-чарага киргизилген жок.

Курултайдын уюштуруучулары саат 12:30да жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө басма сөз жыйынын өткөрүү менен гана чектелери белгилүү болду.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Алмазбек Атамбаев: Эл алдында тазамын

Буга чейин «Атамбаевсиз КСДП» деген кыймылдын башында турган Сагынбек Абдрахманов 3-апрелде КСДПнын курултайын өткөргөн. Анда чогулгандар Абдрахмановду партиянын жаңы лидери кылып шайлап, анын талапкерлигин бир добуштан колдошкон. Бирок ал курултайга Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын бир да депутаты катышкан эмес.

Атамбаев баштаган партиянын басма сөз өкүлү Кундуз Жолдубаева 3-апрелде өткөн курултайды «фейк» деп атаган. (KR)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Абдрахманов КСДПнын лидерлигин талашууда