Бүгүн, 7-апрелде «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде апрель окуяларын эскерүү иш-чарасы өттү.
Ага президент Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева, парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева жана революцияда курман болгондордун жакындары катышты.
Апрель окуясында шейит кеткендерге Куран окутулуп, «Ата-Бейитте» сөөгү коюлгандардын эстелигине гүлчамбар коюлду.
2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган. (BTo)
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Апрель окуяларын эскерүүдөгү ажырым