Экс-президент: Эки айдан кийин чоң митинг өткөрөбүз (видео)

Алмазбек Атамбаев.

«Медиа Форумдун» алдында тогуз жыл мурдагы окуяларды эскерүү маалында экс-президент Алмазбек Атамбаев укук коргоо органдарынын жетекчилерине жана өлкө башчысына кайрылып, «талаптар аткарылбаса, эки айдан кийин ири митинг уюштура турганын» айтты.

«Булар «Атамбаев революция кылат» деп ойлоп жатат. Революцияны бийлик кылат. Эл айла жок барат. Эл деген сел. Президент баш болуп өз элине каршы чыгып жатса, элине укук коргоо органдарын тукуруп жатса чыгат. 7-8-апрель, 24-25-мартта кечинде форма кийгенден коркуп калышкан. Кашкар иним, Идирис иним, токтогула. Азыркылар буйрук берип жатат, бир күнү качат».

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Апрель окуяларын эскерүүдөгү ажырым

Бүгүн, 7-апрелде «Медиа Форумда» экс-президент Алмазбек Атамбаев, КСДПнын мүчөлөрү апрель окуяларын эскерүү иш-чарасын уюштурушту. Митинг бүткөн соң КСДП резолюция кабыл алды.

Резолюцияда «Биз президент С. Ш. Жээнбеков каталарды моюнга алып, аларды тезинен оңдоого эрки жетет деп үмүттөнөбүз. Эки айдан кийин биз кайрадан митингге чогулабыз жана реалдуу натыйжалар болбогон учурда, мындан да масштабдуу иш-чараларды уюштурабыз» деп жазылган. (KR)