Жалал-Абадда көздү акысыз текшерүү жумалыгы башталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Облус аймагында 8-апрелден тартып көз ооруларынын алдын алуу максатында акысыз текшерүү, дартты аныктоо жана кан басымын өлчөө боюнча жумалык башталды. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруп жаткан Улуттук Кызыл жарым ай коомунун облустагы өкүлү Саидаббас Раимжанов басма сөз жыйынында билдирди.

Жумалыктын алкагында Улуттук кызыл жарым ай коому облустагы 30 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна көздү текшерүүчү жабдыктарды тапшырат.

Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүн белгилөө алкагында өтүп жаткан иш-чарада көздүн көрүүсү бузулгандыгы аныкталган бейтаптар жакынкы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жөнөтүлөт. Мындай жумалык буга чейин Баткен жана Ош облустарында да өткөрүлдү.

Иш-чара «Кыргызстандын түштүгүндөгү аярлуу жамааттарга офтальмологиялык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында ишке ашууда. (RsK)