Кара-Сууда өзгөчө баалуу жерлер жергиликтүү бийликке өткөрүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунда прокурордук текшерүүдөн кийин айыл чарба багытындагы 20 гектар жер муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлгөн. Соттук териштирүүнүн натыйжасында жерге берилген документтер мыйзамсыз деп таанылган.

Базар баасы жалпысынан 29,5 миллион сомдук 20,51 гектар (анын 5 гектары өзгөчө баалуу айыл чарбай жери) тилке Шарк айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлдү. (RK)