Авиакомпаниялар «Боинг 737 MAX» учагын сатып алуудан баш тартууда

«Боинг 737 MAX» учагы.

Март айында америкалык «Боинг» корпорациясы өзүнүн эң белгилүү «Боинг 737 MAX» учагына бир да буюртма алган эмес.

Корпорациянын 9-апрелде тараткан билдирүүсүнө караганда, 2019-жылдын биринчи кварталында 10 учакка буюртма түшкөн. Былтыр ушул эле мезгилде авикаомпаниялар 112 лайнерге буюртма түшкөн.

«Боинг 737 MAX» учагына суроо-талап бул маркадагы лайнер эки ирет кырсыкка кабылгандан кийин болуп отурат.

10-мартта Эфиопиянын борбору Аддис-Абебадан Кениянын борбору Найробиге бараткан «Боинг 737 MAX» учагы кыйрап, борттогу 157 кишинин баары курман болгон.

Былтыр октябрда ушул үлгүдөгү учак Индонезияда кырсыкка кабылып, океанга кулап түшкөн. Анда 189 кишинин өмүрү кыйылган.

Март айындагы кырсыктан кийин ондогон өлкөлөр «Боинг 737 MAX» үлгүсүндөгү лайнердин учушуна тыюу салган.

Баштапкы иликтөөлөр кырсыкка учактын автопилотунун электрондук башкаруу системасындагы кемчилик себеп болгонун көрсөтүүдө.

8-апрелде компаниянын акциясы 5 пайыз төмөндөгөн. Эртеси да бир канча пайызга кунун жоготту.