Президент Жээнбеков Германияга жана Кытайга барат

Сооронбай Жээнбеков.

Апрель айынын ортосунда президент Сооронбай Жээнбеков Германияга биринчи жолу расмий сапар менен барат. Ал жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп, бизнес-форумга катышат.

Мамлекет башчы ошондой эле апрель айынын аягында Кытайга иш сапары менен барат. Жээнбеков «Бир алкак, бир жол» долбоорунун алкагындагы иш-чарага, багбанчылык боюнча «Экспо-2019» көргөзмөсүнө катышат.

Бул тууралуу 11-апрелде Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Улан Дыйканбаев журналисттерге билдирди.

Анын маалыматы боюнча, 18-апрелде Кыргызстанга биринчи жолу расмий сапар менен Ооганстандын тышкы иштер министри Салахуддин Раббани келет. (AlS)