Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринин депутаттары футбол ойношту

БШКнын депутаттары «Сулайман-Тоо» музейинде. 13-апрель, 2019-жыл.

Депутаттардын жолдоштук футбол беттеши 13-апрелде Ош шаарында болду. Беттеш 3:2 эсебинде, Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын жеңиши менен аяктады.

Ош шаардык кеңешинин чакыруусу менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 13-апрелде Ош шаарына келишкен.

Алар расмий иш-чаралардан тышкары Ошто «Сулайман-Тоо» музей комплексин кыдырып, түштүк борбордун тарыхы тууралуу кеңири маалымат алышты. (MdN)