Казакстан Өзбекстан менен соодасын эки эсе көбөйткүсү келет

Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коңшу Өзбекстанга барарда атайын маек куруп, эки өлкө ортосундагы мамилеге токтолду.

«Ушул тапта башкы милдеттерибиз - соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана чек арадагы кызматташтыкты тереңдетүү. Бул тармактарда биздин мамлекеттердин мүмкүнчүлүктөрү чоң. Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн алдында өз ара сооданы 2020-жылга чейин 5 млрд. долларга жеткирүү максаттары коюлган», - дейт Токаев Өзбекстандын улуттук маалымат агенттигиндеги маегинде.

Казакстандын Экономика министрлигинин маалыматына караганда, 2018-жылы эки өлкөнүн соодасы 513 млн. долларга көбөйүп, жалпысынан 2,5 млрд. долларга жеткен.

Токаев 14-апрелде мамлекеттик сапар менен Ташкентке барды. Казак-өзбек президенттеринин жолугушуусунда маанилүү документтерге кол коюлары кабарланган.