«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 16-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 13…18,
Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 13…18,
Баткен облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 15…20,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 15…20,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18,
Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20 градус болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 10…12°, күндүзгү жогорку температурасы 16…18° болот.