«Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» сынагы башталат

Кыргызстандык жаш ойлоп табуучулар чогулткан робот. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 16-апрелде Кыргызстанда «Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» аттуу эл аралык сынак башталат. Билим берүү жана илим министрлиги балдардын «Алтын түйүн» инженердик-техникалык академиясы менен бирге уюштуруп жаткан иш-чара Ысык-Көлдүн жээгиндеги Бостери айылында өтөт.

Мурдагы советтик республикалардан жаш ойлоп тапкычтарды жана изилдөөчүлөрдү чогулткан бул жыйын 20 жылдан бери өткөрүлүүдө.

Ага быйыл да Кыргызстандан тышкары Казакстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан, Орусиядан жана Грузиядан жаш техниктер келишти.

Жалпысынан 170 эмгек калыстар тобунун назарына сунуш кылынат. Энергияны үнөмдөө жана маалымат технологиялары, автоматташтыруу, астрономия, курулуш жана өндүрүш боюнча алты номинацияда мыктылар аныкталат. (RK)