Башкы прокурор бир жылдык иши тууралуу отчет берет

Өткүрбек Жамшитов.

Бүгүн 17-апрелде Жогорку Кеңеш өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалын жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары аткарып жаткан ишти талкуулайт.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2018-жылдагы иш тууралуу отчет берет.

Кечээ, 16-апрелде башкы көзөмөл органынын жетекчиси парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламент регламенти боюнча комитетинде маалымат берген.

Анын айтымында, былтыр жалпысынан мыйзам бузулган 39 миңге жакын факт катталган, коррупция үчүн 962 кылмыш иши козголгон. (RK)