Биометрикалык паспорт бланкын даярдоо боюнча сынак өткөн жок деп табылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Мындай маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматы 17-апрелде таратты. Анда айтылгандай, биометрикалык паспорттун бланктарын даярдоо боюнча тендер 2018-жылы 23-октябрда жарыяланган. Дээрлик бир айдан кийин, 19-ноябрда тендерге келген арыздар ачылып, анын ичинен беш ишкана тандалып алынган:

- «Muhlbauer ID Services GmbH «(Германия) — 686 772 250 сом;

- «Veridos GmbH» (Германия) — 936 347 750 сом;

- ЗАО «Гарсу пасаулис» (Литва) — 940 150 000 сом;

- «IDEMIA France SAS» (Франция) — 948 713 750 сом;

- «Банкнот фабрикасы» мамлекеттик ишканасы (Казакстан) — 1 257 847 112,5 сом.

Алгачкы тандоодо «Veridos», «Muhlbauer» ишканаларынын жана «Банкнот фабрикасынын» арыздары талапка жооп бербейт деген жүйө менен сынактан чыгарылган.

Ал эми 2019-жылдын 11-январында тендердик комиссия литвалык «Гарсу пасаулис» ишканасын жеңүүчү деп таап, франциялык «IDEMIA France SAS» ишканасына экинчи орунду берген.

Мамкаттоо белгилегендей, «Muhlbauer» жана IDEMIA ишканаларынын арызын иликтеген мекеме аралык комиссиянын тыянагы боюнча тендерде мыйзам бузуу аныкталган эмес, арыздар негизсиз деп табылган.

«Бул компаниялардын арыз мөөнөтү 2-апрелде аяктады. Азырынча жеңүүчү менен келишим түзүлө элек. «Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө» мыйзамдын негизинде, мөөнөт бүткөнүнө жана келишим жоктугуна байланыштуу тендер өткөн жок. Жаңы муундагы биометрикалык паспорттун бланктары даярдалган жок. «Гарсу пасаулис» менен келишим түзүлгөн жок. Мамлекеттик бюджеттен бул ишканага эч кандай акы төлөнгөн жок, демек экономикалык зыян да жок» деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Мамкаттоонун маалыматы боюнча «Инфоком» мамлекеттик ишканасына паспортторду персоналдаштыруу программалары менен камсыз кылыш үчүн 2017-жылы БУУдан гранттык негизде жабдыктар алынып келген. Мамкаттоонун маалыматында «бул жабдыктар жаңы муундагы биометрикалык паспорттордун бланктарын даярдоо жагынан ийгиликтүү тестирленген. Эми бланк үчүн керектелүүчү кагаздарды гана сатып алуу калды» деп айтылып, мекеме мыйзам алкагында гана иштегени жазылган.

Маалыматта Мамкаттоонун кызматкерлери мыйзам алкагында гана иш жүргүзүшкөнү белгиленип, мекеменин төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев тендердик комиссиянын төрагасы катары мыйзам чегинде иштегени айтылган. Ал эми статс-катчы Данияр Бакчиев менен «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаев комиссиянын курамында болушпаганы белгиленген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан биометрикалык паспорт бланкын даярдоо боюнча тендер жүргүзүүдө мыйзам бузууга шектүү катары 16-апрелде жогоруда аты аталган үч кызматкер камакка алынган. УКМК алар тендерде бир ишкананын кызыкчылыгы үчүн иштеген деп шек саналып жатканын маалымдаган. (ZKo)