Кыргызстанда жайыт жерлердин аянты азайды

Соң-Көл.

Кыргызстанда акыркы он жылда жайыттын аянты 167 миң гектарга азайган. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жайыт, мал жана балык чарба департаментинин жайыт боюнча адиси Бекназар Абдураимов билдирди:

- 2008-жылы жайыттын аянты 9 млн. 174 миң 400 гектар болгон. 2019-жылы 9 млн. 7504 гектарды түздү. Жайыт аянтынын азайышына айылдардын кеңейиши жана башкалар себеп болушу мүмкүн. ​

Абдураимовдун айтымында, жайыт аянтынын азайышынын себептерин текшерүүгө бир топ убакыт кетет. Айрым аймактарда мыйзамсыз берилип кеткен жайыттар мамлекетке кайтарылган учурлар бар. (КЕ)