Казакстанда учак кулап, эки киши мерт болду

Казакстандын Караганда облусунда жеңил учак кырсыкка кабылып, экипаждын эки мүчөсү каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Жарандык авиация комитети билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 21-апрель күнү саат 16:25те Балапан аэродромунда машыгуу учууларын аткарган жеңил учак конуп жаткан маалда кырсыкка кабылган. 

Өлкөнүн Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин алдындагы кырсыктарды иликтөө башкармалыгы тергөө баштады.