Суданда митингчилер аскердик кеңеш менен сүйлөшүүнү токтотту

Баш калаа Хартумдагы демонстранттар. 14-апрель, 2019-жыл.

Жекшембиде Судандагы нааразылык акциясын уюштургандар Өткөөл аскердик кеңешти тааныбай турганын билдирип, убактылуу бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүнү токтотушту. Алар тарапкерлерин бийлик жарандык өкмөткө өткөрүлүп берилмейинче нааразылык митингдерин күчөтө берүүгө чакырып жатышат. 

Өткөөл аскердик кеңештин башчысы Абдел Фаттах аль-Бурхан бул маселе боюнча жооп ушул жумада маалым болорун билдирген. Буга чейин аскердик бийлик элдин шарданы менен өлкөнү отуз жылдан бери башкарып келген Омар аль-Баширди президенттиктен алып, камаган. Убактылуу бийлик саясий туткундарды бошотуп, эки жыл ичинде шайлоо өткөрүүгө убада берген. 

Буга карабастан Суданда демонстрациялар уланып жатат. Нааразылык билдирген жүздөгөн адамдар Коргоо министрлигинин алдынан тарай элек. 

Суданда нааразылык акциялары нандын кымбатташына, нак акчанын таңкыстыгына байланыштуу 2018-жылдын декабрында башталган. Кийинчерээк эл президенттин бийликтен кетишин талап кылууга өткөн.