Бишкекте Дүйнөлүк китеп күнүнө карата Улуттук китепканада «Китеп - адамзаттын рух азыгы» аттуу көргөзмө ачылып, белгилүү акындардын ырлары окулган поэзия кечеси да өтөт.
Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара саат 11:00дө башталып, ага чакырылган коноктордон сырткары жөнөкөй окурмандар да катышса болот.
23-апрель - Дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү. Бул датаны ЮНЕСКО 1995-жылы бекиткен. Жергиликтүү эксперттер акыркы жылдары Кыргызстанда китеп окугандар азайып баратканын айтып жүрүшөт. (TSh)