Баткенде 21 кудуктун капкагын уурдаган киши кармалды

Кудуктун табылган капкактары. Баткен, Кыргызстан.

Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагынын Бужум айылындагы таза суу топтолуучу кудуктардын капкактарын уурдап кеткен киши кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Окуя 15-апрелге караган түнү болгон. Белгисиз адамдар айылдагы кудуктардын 21 даана темир капкагын уурдап кетишкен. Капкактар кармалган кишинин үйүнөн табылды.

Учурда уурулук фактысы боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. (ErN)