2018-жылдын күз айларынан 2019-жылдын апрелинин ортосуна чейин Бишкек шаарындагы 600дөй кудуктун капкагы жана арыктардагы жаан өткөрүүчү торчолор (ливнеприемные решетки) уурдалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеме ырастагандай, мунун 200 даанасы эле акыркы бир жарым айда уурдалган. Булар «Көчө-жолдор тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жаңы эле оңдолгон көчөлөргө тиешелүү жана ал көрсөткүчтүн чыгашасы кеминде миллион сомго бааланды.
Жапкычтардын орду ачык калгандыктан Капиталдык курулуш башкармалыгы жумушту аткаруучу компаниялардан капкактарды жана торчолорду кайра жаңыдан коюуну макулдашкан. Чоюн буюмдардын жаңы партиясын жасоого заводдорго кайра буюртма берилди.
Капкактар коюлгандан кийин кайра дагы 200ү уурдалып кеткен. Кээ бир фирмалар аларды үч-төрт жолу, кээде беш-алты жолудан жаңылоого аргасыз болушкан.
Уурулук фактыларынын ар бири боюнча укук коргоо органдарына маалымат берилген. Ушул күнгө дейре алардын бири да табылган эмес.
24-апрелде Баткен районунун Бужум айылындагы таза суу топтолуучу 21 кудуктун темир капкактарын уурдап кеткен киши кармалган. (ErN)