24-апрелде тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстанда жүргөн Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолукту.
Эки тарап Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кеңейтилген кызматташтык жөнүндөгү жаңы макулдашуу долбоору боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Мындан сырткары тараптар 15-16-апрелинде Бухарест шаарында Румыниянын демилгеси менен уюштурулган «Туруктуу өнүгүү үчүн өз ара аракеттенүү» аттуу Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча эл аралык жыйыны жемиштүү болгонун белгилешти.
Талкуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы уран калдыктарын сактаган жайлардын маселесин чечүү боюнча биргелешкен иш боюнча кеп болду. (TSh)