Депутаттар Кыргызстанда уран кенин казууга мораторий киргизүүнү сунуш кылууда

Алмамбет Шыкмаматов.

Парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов жана «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов «Кыргызстанда уран кенин изилдөөгө, чалгындоого жана казууга 2070-жылга чейин мораторий киргизүү боюнча» мыйзам долбоорун сунуш кылып жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» демилгечилердин бири, депутат Алмамбет Шыкмаматов билдирди:

- Уран - бул өтө кымбат кен байлык. Бирок, андан чыккан радиация экологияга жана адамдын ден соолугуна эбегейсиз коркунуч алып келет. Ошондуктан 2070-жылга чейин мораторий киргизип койсок, эч ким муну буза албайт. Эл буга жол бербейт. Ал эми 2070-жылдан кийин жаңы доор келет. Анда эң акыркы технология менен жаңы урпак өзү казып алсын.

22-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кызыл-Омпол уран кенинин ишин экологиялык экспертиза аяктаганга чейин токтотуп турууну тапшырган.

Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы маанай соңку күндөрү күчөдү. Жарандык активисттер «Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга онлайн түрүндө кол чогултуп жатышат. (TSh)