Айтматов атындагы лицейдеги окуяны прокуратура текшерет

Айтматов атындагы лицейдин окуучуларынын бир катар ата-энелеринин митинги. 24-апрель, 2019-жыл.

Чүйдүн Сокулук районунун Новопавловка айылындагы Айтматов атындагы лицейдеги окуяны териштириш үчүн комиссия түзүлдү. Андан тышкары булишти прокуратура да текшерет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева бүгүн, 25-апрелде парламенттин жыйынында билдирди.

24-апрелде аталган мектептин окуучуларынын бир катар ата-энелери мектепке чогултулган акчанын эсебин талап кылып Жогорку Кеңештин алдына пикетке чыгышкан.

Чырга байланыштуу мектеп директору Диляра Абдуллаева убактылуу ишинен четтетилген. Кудайбердиева териштирүүнүн жйынтыгы менен анын кызматтан кетер-кетпеси чечилерин айтты.

Министрдин маалыматына караганда, Айтматов атындагы лицей миң окуучуга ылайыкташкан. Бирок учурда 4500 бала билим алат. Алардын 60 пайызынын ата-энелери мектептин фондуна каражат беришери аныкталган. Ата-энелер директорду «каражатты натыйжасыз пайдаланууда» деп айыптап жатышат. (BTo)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мектепке нааразы ата-энелер митингге чыкты