Жогорку Кеңеш өкмөттүн отчётун жактырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте отчёт берип жаткан учур. 24-апрель, 2019-жыл.

Жогорку Кеңеш кыргыз өкмөтүнүн 2018-жыл үчүн отчётун канааттандырарлык деп тапты. Парламентте 103 депутат «макул», бир депутат «каршы» добуш берди.

Эл өкүлдөрү өкмөттүн былтыркы иштери боюнча отчётун 24-апрелде жана бүгүн укту.  

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин маалыматына караганда, былтыр Кыргызстандын ички дүң өнүмү 3,5% өскөн. Ошол эле учурда чет элдик түз инвестициялардын келиши 7,6% азайган. Ал эми калктын өкмөткө болгон ишеним индекси 0,6% төмөндөгөн.

Былтыр республикалык бюджеттин кирешеси – 135,4 млрд. сомду түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу дефицит 10,7 млрд. сомго азайган. Ал эми чыгашасы 142,7 млрд. сомду түзгөн.

Абылгазиев башында турган аткаруу бийлиги 2018-жылдын апрель айында иштей баштаган. (BTo)