Шри-Ланкада өлгөндөрдүн саны 100 кишиге аз болуп чыкты

Жардыруу болгон чиркөөлөрдүн биринин ичи.

Шри-Ланка бийлиги Пасха майрамындагы теракттардан каза болгондордун саны болжол менен жүз кишиге аз болуп чыкканын жарыялады. Бул тууралуу Би-би-си Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып кабарлады.

Буга чейин жекшембиде болгон жардыруулардын курмандыктары 359га жеткени айтылган. Учурда каза тапкандардын саны 253түн тегерегинде деп эсептелди. 

21-апрелде христиандар Пасха майрамын белгилеп жатканда Шри-Ланканын баш калаасы Коломбодо жана анын тегерегиндеги шаарчалардагы чиркөө жана мейманканалар сыяктуу бир катар мекемелердин жанында катар-катары менен тогуз жардыруу болгон. Андан 500дөн ашык киши жаракат алган.

Жардыруулар үчүн «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчилик алган. Жергиликтүү полиция жардырууга шектелип жетимиш киши кармалганын кабарлаган. (TSh)