Түркия: Мейманканада конокторго ашыкча тамак албоону сунушташат

Иллюстрациялык сүрөт.

Түркияда all inclusive системасы боюнча тейленүүчү туристтерден калган тамак-аш калдыктарын азайтууну максат кылган долбоор башталды. Ага 250 мейманкана катышат.

Кызматкерлер конокторго тамакты жешинче гана алып, табагына ашыкча салбоону сунуш кылышат. Мындан тышкары, табактар да кичирейтилет.

Долбоордун демилгечиси Али Акгүндүн айтымында, жыл сайын Түркияда 5 миллионго жакын бөлкө нан ысырап болуп, таштандыга ыргытылат, алардын жалпы баасы 214 миллиард лирага чейин жетүүдө.