Орус өкмөтү «Достук» кууру боюнча териштирүү баштады

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Европага мунай жеткирүүчү куур боюнча тиешелүү мекемелер бир жума ичинде териштирүү жүргүзүп, жыйынтыгын Башкы прокуратурага жөнөтүшү керек деген талап койду.

Ага чейин өлкө президенти Владимир Путин териштирүү иштери биринчи кезекте куурду тейлеген «Транснефть» компаниясында жүргүзүлүшү керек экенин айткан.

Ал эми вице-премьер-министр Дмитрий Козак Орусия «Достук» кууру аркылуу Европага мунай жөнөтүүнү эки жумадан кийин калыбына келтирерин ишемби күнү билдирген.

19-апрелде Польша менен Беларусь совет учурунда курулган «Достук» кууру аркылуу баруучу мунайдын сапаты начар болуп кеткенин билдирип, аны сатып алуудан баш тартып коюшкан.

Аталган куур аркылуу Орусия алыскы чет мамлекеттерге жыл сайын 66,5 млн. тонна мунай сатат. (RK)