Бүгүн, 30-апрелде Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, жакшы судья болууга кеминде беш жыл керек экенин билдирди:
- Кадр маселеси бар. Бизде кадрлар 60 пайызга алмашкан, жаңы судьялар келген. Ал эми жакшы судья болууга жок дегенде беш жыл керек. Бизде алты миллион элге 500гө жетпеген судья бар. Алар өсүп-өнүккөнчө мыйзамдарды туура колдонуп, кандай ыкмалар менен чечим чыгарары чоң маселе. Биз аларды тез-тез окутуп жатабыз, ай сайын болбосо да, квартал сайын окутуп жатабыз.
Акыркы убакта сот тармагы өлкө жетекчилиги тарабынан катуу сынга алынып келген. 2019-жылдын 11-мартында Бишкекте өткөн соттордун XI курултайында президент Сооронбай Жээнбеков сот тармагына бөлүнгөн каражаттарды көбөйтүү өзүн актабай жатканын айткан.
Расмий маалыматка караганда, сот системасына 2016-жылы 1 миллиард 213 миллион сом, 2017-жылы 1 миллиард 260 миллион сом, 2018-жылы 1 миллиард 555 миллион сом жана 2019-жылы 2 миллиард 154 миллион сом бөлүнгөн. Буга сот тармагына чет жактан келген гранттар менен ар кандай долбоорлордун акчасы кошулган жок. (KR)