Каракол шаарынын стадионунда бүгүн 2-майда саат 10:00до уран кендерин иштетүүгө каршы митинг башталды.
«Азаттыктын» Ысык-Көлдөгү кабарчысы Асеин Маданбековдун айтымында, иш-чарага болжол менен 40тай шаардык активист катышууда. Алар митингди Алыкул Осмоновдун «Ата-Журт» ыры менен башташты.
Учурда Караколдогу журналист Алена Хоменко баштаган уран казууга каршы петиция 30 325 кишинин колун топтой алды.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Караколдук активисттер уран казууга каршы
Бүгүн кыргыз өкмөтү Жогорку Кеңешке келип, уран кенинин айланасындагы маселе боюнча отчет берет.
26-апрелде да Бишкекте Кыргызстандын аймагында уран казууга каршы акция өткөн. Анда резолюция кабыл алынып, бийликке «Кыргызстанда уран жана башка радиоактивдүү материалдарды казуу жана кайра иштетүүгө толук тыюу салуу боюнча мыйзам кабыл алуу, жаратылышты коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузган жооптуу адамдарга кылмыш ишин козгоо жана уран кенин иштетүүгө каршы чыккан активисттерге кысымды токтотуу» деген талаптар коюлган. (AsM/KR)