Кыргызстанда уран кенине байланыштуу баш-аягы 18 лицензия берилген. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
Анын маалыматына караганда, тогуз лицензия жалаң уранды жана калган тогузу уран менен кошо башка да металлдарды чалгындоого берилген.
Боронов ошону менен бирге эле уранды иштетүүгө бир да лицензия берилбегенин билдирди.
Учурда иштеп жаткан өкмөттүн тушунда бир да лицензия берилбегенин кошумчалады.
Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенинде уран чалгындоого каршы нааразылык акциялары уланып жатат. Бишкекте, Балыкчыда катар-катар митингдер өттү.
22-апрелде Кызыл-Омпол уран кенинин иши убактылуу токтотулган. (BTo)