3-майда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан-чачын катуу болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17,
Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18,
Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн 7…12, күндүз 14…19,
Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6 градус болот.
Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8°, күндүз 13…15° болот.